“Ош” эл аралык аэропортунда 152 норка тумакты мыйзамсыз жол менен алып келген чет элдик жаран аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
Маалыматта товар ЕАЭБке мүчө мамлекеттерден алынып келгени айтылат. Анда эч бир коштоочу документтери болгон эмес.
Салык кызматкерлери товарды алып, материалды укук коргоо органдарына жөнөттү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз