Site icon Reporter.kg

«Ош» аэропортунда учактардын конуусуна чектөө киргизилди

Бүгүн, 13-февралда «Ош» аэропортунда учактардын конуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Аталган чектөө Ош шаарына туман түшкөнүнө байланыштуу киргизилген.

Эскерте кетсек, 12-февралда да Ош шаарында туман түшүп, түштө аэропортко учактардын конуусуна чектөө киргизилген. Чектөө саат 18:00дорго алынган.

Exit mobile version