Site icon Reporter.kg

Ош: Аялды муунтуп, колундагы буюмун тоноп кеткен киши кармалды

Ош шаарынын тургунун муунтуп, колундагы телефонун жула качкан белгисиз киши кармалды. Бул туурасында Ош облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-март күнү Ош шаарынын тургуну (аял киши) арыз менен кайрылган, себеби Ош шаарындагы өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдында, болжол менен саат 23.00 чамасында   белгисиз атуул   моюнунан муунтуп, колундагы сумкасын жана «РЕДМИ 7А» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын милицияга билдирген.

Бул факты боюнча Ош шаардык милициянын кылмыштардын бирдиктүү ресстирине КРнын ЖКнин 206-беренеси менен катталып, шектүүгө издөө жарыяланган.

Аталган кылмыш иши боюнча ыкчам иш чара жүргүзүлүп, натыйжада 6-апрель күнү кылмышка шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 1990-жылы туулган тургуну  К.Б кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  Ош шаарынын аймагында ушул жылдын январь айынан бери  бир нече жолу  катталган    аялдарга кол салуу фактысына шектүүнүн тиешеси бар экендиги аныкталды.

Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмү кармалган шектүүдөн жабыркагандар болсо,  арыз менен кайрылууну суранат. Шектүү катары кармалган жаран мурда жасаган кылмышы үчүн пробациялык мөөнөтүн өтөп жатканы белгилүү болду. Мурда эки жолу соттолгон.

Exit mobile version