Site icon Reporter.kg

Ош “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” статусун алды

Ош шаары “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” статусун алды.

Бүгүн, 28-апрледе Ош шаарына «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” наамы берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине президент Садыр Жапаров катышып, сыйлык Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго тапшырылган.

Конкурс Кыргызстандагы БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган.

“Ош шаарынын мэриясы, мэриянын жаштар иштери боюнча комитети жаштарга шарт түзүүнүн үстүндө алгылыктуу жумуштарды жасоону улантат”, — деп айтылат маалыматта.

 

Exit mobile version