Ош-Баткен-Исфана жолунунун кире бериштеги бөлүгү жабылды

Ош-Баткен-Исфана жолунунун кире бериштеги бөлүгү жабылды

Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары Ош-Баткен-Исфана жолунунун кире бериштеги бөлүгүн да бууп турушат. Бул тууралуу  “Азаттык” жазды.

Маалыматка ылайык, буга чейин Көк-Таш айылынын алты тургунун чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды деген кине менен милиция кармап кеткен. Алар Баткен райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Көк-Таштын тургундары кармалган алты адамды бошотууну талап кылып, кан жолду буушту. Учурда кырдаалга милиция кызматкерлери жана чек арачылар көз салууда. Эл чогулган жерге Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев жана ички иштер министринин орун басары баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошол эле маалда Баткен районундагы Орто-Боз айылында да 100гө жакын адам чогулуп турганы кабарланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>