Ош, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Ош, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 26-февраль күнү саат 07:43тө жер титирөө Кадамжай районунун Бел-Суу айылында 3 балл, Совет, Кыргыз-Кыштак жана Шуран айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

2020-жылдын 26-февраль күнү саат 11:50дө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>