Site icon Reporter.kg

Ош базардын соодагерлери ижара акысын арзандатууну талап кылышууда — видео

Бүгүн, 30-апрелде Бишкектеги Ош базардагы “Берекет” соода борборунун соодагерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Алар азыркы кырдаалды эске алып, соода болбогонунан улам орундуктарга төлөнгөн акыны азайтуу талабын коюшту.

Митингге 200дөн ашык соодагер чыкты. Алар “Берекет” соода борборундагы орундуктардын ижара акысы жогору болуп жатканына нааразы болушту.

«Биз ар бир орундуктагы бир чарчы метрди 1000 АКШ долларында сатып алганбыз, бирок ай сайын кошумча кызмат акыларын төлөйбүз. Кошумча төлөмгө: патент, электр энергиясын жана кароолчуга да беребиз. Булардын төлөмү дагы жогору. Ошондой эле администрациянын бизге кылган мамилеси дагы начар», — дешти нааразычылык акцияга чыккандар.

Соодагер Анара Шердакова буларга токтолду: «Азыр соода жок, бизге ижара акысын арзандатып берсе эле болду»,— дейт.

“Берекет” соода борборунун башкы директору Индира Абасова митингчилер менен жолугушту. Ал түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ишти арыз менен чече турганын, жакынкы кундөрү бул маселени карап берерин убадалады.

Соодагерлер бул маселени тез арада чечип берүүнү талап кылышты, эгерде алардын көйгөйү оң тарабына чечилбесе анда кайра митингге чыга турганын айтышты.

“Берекет” соода борбору жалпысынан үч кабаттан турат. Орундукту ээлеп туруу үчүн бир чарчы метрге 50 сомдон төлөшөт.

Exit mobile version