Site icon Reporter.kg

Ош: Билим берүү башкармалыгынын имаратынан өрт чыкты

Бүгүн, 21-мартта Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 05:32де окуя жерине өчүрүүчүлөр чыгып, тилсиз жоо саат 06:00дө чектөөгө алынган. Ал эми, саат 07:15те толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен имараттын 1 бөлмөсүнүн 13 чарчы метри жана чатырынын 180 чарчы метри күйгөн.

Такталган маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар эсептелүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version