Site icon Reporter.kg

Ош-Бишкек жолу: Үч унаа кагышып, 7 киши мерт кетти

Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында «Камаз», «Mercedes-Benz Sprinter» жана «Daewoo Nexia» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон (3 эркек, 4 аял), ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине Кара-Суу райондук  3 куткаруучу тартылган.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы полковник  Н.Шаматов абалды көзөмөлгө алууда. Бул туурасында аталган министрлик билдирүү таратты.

Exit mobile version