Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 6 адам жаракат алганын Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, кырсык 9-июль күнү саат 15:30 чамасында, Кара-Көл шаарында болгон.
Анда » Фольксваген» автоунаасы менен «Рено» жүк ташуучу автоунаасы кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен «Фольксваген» унаасындагы 66 жана 64 жаштагы эки адам каза болуп, 6 адам ар кандай жаракаттарды алып оруканага жеткирилген.
Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын себептери иликтенип жатат.
