Site icon Reporter.kg

Ош-Бишкек жолундагы унаа кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды (фото)

Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан  2 адам каза болуп, 6 адам жаракат алганын Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, кырсык 9-июль күнү саат 15:30 чамасында, Кара-Көл шаарында болгон.

Анда » Фольксваген» автоунаасы менен «Рено» жүк ташуучу автоунаасы кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен «Фольксваген» унаасындагы 66 жана 64 жаштагы эки адам каза болуп, 6 адам ар кандай жаракаттарды алып оруканага жеткирилген.

Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Exit mobile version