Ош: Коӊшулар жаңжалдашып, бири-бирин айыптоодо

Ош: Коӊшулар жаңжалдашып, бири-бирин айыптоодо

Ош шаарынын Достук көчөсүнүн коӊшу тургундардын жаңжалы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрда 30 жаштагы И.И жана анын коӊшусу 38 жаштагы М.И.нин ортосунда чыр чыккан. Натыйжада И.И. тарабынан М.И.ге таандык болгон «Нексия» үлгүсүндөгү автомашина талкаланып, өрт коюлган. Ошондой эле М.И. ге канцелярдык бычак менен кол салып, сол колуна жарат келтирген.

“Экөөнүн чырына И.И.нын атасы И.Н. аралашып, ата-бала биргеликте М.И.ни жана анын апасын, бир туугандарына кол көтөрүшкөн. Тагыраагы ата-бала коӊшу үй-бүлөнүн ээсине(аял киши) жана анын эки уулу менен эки кызынын денесине жабыр келтиришкен.

Учурда ата-бала тарабынан жабыр тарткандыктары тууралу коӊшу үй бүлөнүн беш тургуну арыз жазган. Ошол эле мезгилде И.Н. дагы ооруканада коӊшулары тарабынан сабалгандыгы тууралу айтып жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча негизги конфликтин уюштуруучусу, баштоочусу катары 30 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын атасы учурда бул окуяга канчалык тиешеси бардыгы иликтенүүдө.

Маалыматта белгиленгендей, 30 жаштагы И.И мурда бир нече ирет сот жообуна тартылган, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>