Site icon Reporter.kg

Ош комендатурасынын спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу буйругу күчүн жоготту

Ош облусундагы өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу жөнүндө коменданттын буйругу күчүн жоготту. Бул тууралуу “Репортерго” облус комендатурасынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин кабыл алынган буйрук өзгөчө абал режими киргизилбеген райондорго тиешелүү болбогондуктан, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилген аймактардагы чектөөлөрдө айырма пайда болгон.

Мындан улам Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндө буйрук 15-апрель күнү күчүн жоготкон.

Белгилей кетсек, 13-апрелде Оштун  коменданты Малик Нурдинов Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунда спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу жөнүндө буйрук чыгарган.

Exit mobile version