Ош менен Нарында жергиликтүү соттордун судьялары иштен алынды

Ош менен Нарында жергиликтүү соттордун судьялары иштен алынды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, Нарын райондук сотунун судьясы Эркинбек Мамбеталиев, Ош облустук сотунун судьясы Мыктыбек Касымалиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Алар жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоолору менен бошотулган.

Мындан сырткары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, 2020-жылдын 7-майынан тартып Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы Бекбаева Нурия Хусаиновнанын ыйгарым укуктары токтотулду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>