Site icon Reporter.kg

Ош: Милициянын имаратына Нарматованын тарапташтары чогулду

Ош милициясынын имаратынын алдында Орозайым Нарматованы колдоп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү, тарапташтары Нарматованын эркиндикке чыгуусун талап кылып чыгышты. Ушул тапта 20 дай жаран турат.

Жергиликтүү милиция нааразы тарапка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Нарматованын кармалуу себептерин түшүндүрүп жатат. Чогулган эл Нарматованын бардык видеолорун толук көрүп чыкканын, анда эч кандай аймакты бөлүүгө, мамлекетти басып алууга аракет кылган сөздөрдү байкабаганын айтышып, жөн гана куугунтук болуп жатканын айтышты.

Ош милициясы Нарматованы Бишкекке жетип калганын билдирүүдө.

ИИМ Нарматованы кармаганынын себебин айтты

Exit mobile version