Site icon Reporter.kg

Ош облустук ооруканасы 295,7 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Ош облустар аралык оорукананы капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Оңдоо иштерин аткара турган компанияны аныктоо үчүн тендер жарыяланды.

Оңдоо иштерине 295 млн 755,8 миң сом каралган. Бул акчага оорукананын ичи-тышы жасалып, чатыры, терезе-эшиктери алмаштырылат, жылуулук куурлары жаңыртылат жана башка жумуштар аткарылат.

Тендер боюнча арыздар 17-октябрга чейин кабыл алынат.

Exit mobile version