Site icon Reporter.kg

Ош облустук ооруканасынын бөлүм башчысы Кытайдын алдыңкы медициналык университетинин профессору болду

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Абдыракман Дүйшөбаев Кытайдын алдыңкы медициналык жогорку окуу жайларынын бири болгон Синьцзян медициналык университетинин ардактуу профессору деген наамга татыды. Бул тууралуу аталган оорукана кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бул наам ага Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы медициналык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга кошкон чоң салымы үчүн ыйгарылган.

«Бул окуя — кыргызстандык дарыгердин жогорку кесипкөйлүгүнүн таанылышы гана эмес, ошондой эле биздин өлкөнүн адистери дүйнөлүк илимге жана саламаттыкты сактоо системасына салым кошуп жаткандыгынын ачык далили»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version