Site icon Reporter.kg

Ош облусуна беш айда 485,7 млн сом которулду. Алар кайда жумшалды?

Ушул жылдын 5 айында Ош облусунун жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен 485,7 млн сом которулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Жалпы каражаттын ичинен:

— Теңдөөчү трансферт- 386,7 млн сом;

— Ыйгарым укуктарды берүүгө — 29,4 млн сом;

— Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына — 12,3 млн сом;

— Башкы план -55,3 млн сом (калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыгууга).

— Чоң-Алай айыл өкмөтүнө (Памирлик кыргыздарга жардам катары) — 2,0 млн сом каралган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version