Ош облусунда 1,4 гектар жерге логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кезектеги жыйын өткөрүп, анда жерлерди трансформациялоо маселелери талкууланган. Министрлер кабинетинин чечими менен Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жерлер «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай багытындагы жерлер» категориясына которулган.
«Логистикалык борбордун курулушу регионго башка инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берип, жаңы ишканалардын ачылышына, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө чоң пайда алып келет», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз