Ош облусунда 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 10-сентябрда таңкы саат 06:08де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Чийчи, Курак, Кабылан-Көл айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>