Site icon Reporter.kg

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 8-август күнү саат 21:09да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Exit mobile version