Ош облусунда мыйзамсыз сакталган куралдар алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, «Арсенал» аттуу иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери жарандардын каттоодо турган куралдарын жана ок атуучу куралды сактоого укук берилген мекеме-уюмдардын кызматтык куралдарынын сактоо шарттарын жана уруксат мөөнөттөрүн текшерген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган 12 даана ок атуучу курал жана 234 даана ок-дары алынды. Аларга тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 47 жаранга Укук бузуулар кодексинин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 126 миң сом айып салынды.
Ошондой эле 3 курал жараксыз абалга келгендигине жана 2 куралдын ээси каза болгондугуна байланыштуу башкармалыктын карамагына алынган.
Кылмыш-жаза кодексинини 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 268-беренесинде (Куралды мыйзамсыз сактоо) белгиленген буюмдарды (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды) өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар ушул беренелерде каралган жосун үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.