Site icon Reporter.kg

Ош облусунда жалгыз согуш ардагери дүйнө салды

Ноокат районунун Чапаев айылынын тургуну, Ош облусундагы жалгыз согуш ардагери Карабай Базарбаевдин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.

Карабай Базарбаев 1925-жылдын  20-майында туулган. 1931-жылы башталгыч мектебине 1-класска барып, ал мектептен 5-класска чейин билим алган. 1936-1940-жылдарда Чапаев колхозунан эмгек жолун баштаган.

Карабай Базарбаев 18 жаш курагында 1943-жылы согушка аттанып, Ленинград шаарында болгон. Каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдар менен сыйланган.

Exit mobile version