Site icon Reporter.kg

Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунда очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-июнь күнү саат 16:49да Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркештам айылында 2,5 балл, Нура айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.  

Exit mobile version