Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында 15-декабрь күнү саат 07:39да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө  айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>