Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 28-январда саат 19:13тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Өзгөн районунун Мырза-Арык, Куршаб айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Правда айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Биздин Телеграм каналга катталыңыз