Site icon Reporter.kg

Ош: Өрттөн эки бала, 2 аял каза тапты

Ош облусунун Ноокат районунан чыккан өрттөн 4 киши каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 41 жаштагы Ж.Г., 39 жаштагы Ж.А. жана 12 жаштагы Ж.С., 2 жаштагы Х.М. аттуу жарандар каза болду.

Алдын ала маалымат боюнча, Ноокат району, Көк-Жар айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине өрттү өчүрүүгө саат 06:50дө министрликтен жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, өрт саат 09:28де чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Exit mobile version