Site icon Reporter.kg

Ош: Өспүрүм кызды зордуктаган жаран камалды

Ош шаарында өспүрүм кызды зордуктоого шектүү жаран тергөө абагына камалды. Бул туурасында Ош шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун чечими менен бир айга камакка алынды.

Буга чейин Ош шаардык криминалдык милиция кызматы тарабынан өспүрүм кызды зордуктоого шектүү катары 25 жаштагы Ош шаарынын тургуну кармалган.

Exit mobile version