Site icon Reporter.kg

Ош: Өспүрүмгө кол көтөргөн окуяны милиция териштирип баштады

Ноокатта тамактануучу жайда жаш баланы урган учур боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 27-январь күнү  социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жаш баланы белгисиз жаран уруп жаткандыгы боюнча видеотасма жарыяланган. Бул факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис чара көрүлгөн. Тактап айтканда окуя кайсы жерде болгондугу жана жаш баланы уруп жаткан ким экендиги такталып, маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүп баштаган.

2023-жылдын 26-январь күнү саат 19:20 чамасында Ноокат районунун А.Мирмахмудов айыл аймагындагы Умиров участкасынын тургуну 7 жаштагы М.А.ны  Ноокат шаарынын борбордук базарында жайгашкан “Элдос” кафесинин ичинде Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын  тургуну 30 жаштагы  О. уулу Т.  уруп, денесине жараат келтирген.

Жаш өспүрүмгө карата соттук- медициналык экспертиза дайындалып текшерүү иштери жүргүзүлүүдө . Учурда текшерүү иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Exit mobile version