Site icon Reporter.kg

Ош: Өз кызматын аткара албаган 3 жетекчи жаза алды

 Ош шаарында 3 жетекчиге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка караганда, алар жазаны кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле жасабагандыгы, документтер менен иштөөнү уюштуруу, көзөмөлгө алуу жана аткаруу маселелерине кош көңүл карагандыгы үчүн алды.

Тартиптик жаза алган жетекчилер:

— Ош шаарынын муниципалдык турак жай коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Эркин Аралиевге эскертүү;

— Ош шаарынын мэриясынын «Борбордук базар дирекциясы» муниципалдык ишканасынын башчысы Нияз Исмаиловго эскертүү;

— Ош шаардык «Жолдор» муниципалдык ишканасынын башчысы Арзыбек Жунусовго сөгүш берилди.

Exit mobile version