Site icon Reporter.kg

Ош: Өзбекстан жапкан чек ара бекети кайра ачылат

Ош облусунун Кара-Суу районунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эки гана өткөрмө бекети бар эле. Бирок алар да кыйла жылдан бери жабык турган. Ушу тапта автоунаалардын каттамы үчүн Шаркан-Сай каналында чоң көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Тараптар чек ара бекеттерин ачууга белсенүүдө.

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Курбанбек Айтибаев көпүрөнү калыбына келтирүүнү коңшу өлкө колго алганын, өткөрмө жай ишке кирсе, «Достук» көзөмөл бекетине жеңилдик болорун айтууда. Анткени бул бекетте ары-бери өткөндөрдүн көптүгүнөн тыгын жана узун кезектер жаралууда.

«Мына көрүп жатасыңар «Достук» өткөрмө бекетинде техникалар, адамдар толуп калган учурларды. Бул көпүрө («Ынтымак») курулуп бүтүп ишке кирип калса, айдоочуларга да, жүргүнчүлөргө да ыңгайлуу шарт болот. Кыргыз-өзбек мамилеси жакшырып жатканына байланыштуу өзбек тарап өздөрүнө да, бизге да жардам берүүгө аракет кылууда. Бизде 250 метр жолдун эски асфальттары сыйрылып жатат, жакынкы убактарда кайра ачуу иштерине аракеттер башталат».

Шаркан-Сай жана «Ынтымак» өткөрмө бекеттери мындан 14 жыл мурда — Өзбекстандын ошол учурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда жабылган. Кыргызстандын Ош облусу менен Өзбекстандын Анжиян облустары негизги «Достук» өткөрмө бекети аркылуу карым-катнаш кылат. Ошондуктан бул жерде көп учурда сааттап кезек күткөн учурлар болот. Чек ара кызматынын маалыматында бул жерде күнүнө кеминде 18-22 миң киши өтөт.

«Фергана өрөөнүндөгү эң ири дүң соода базары саналган Кара-Суу базарына жакын өткөрмө бекеттерди ачуу ириде сооданы жандантат. Бул өрөөн дүйнөдө калк жыш жайгашкан аймактардын катарына кирет. Эгер өткөрүү жайлар ишке кирсе, Өзбекстандын Фергана, Анжиян, Наманган облустарындагы базарларга Борбор Азиядагы эң ири базарлардын катарын толуктаган Кара-Суу базарындагы товарлардын агымын ошол жакка бурууга чоң мүмкүнчүлүк болот», — дейт Ош мамлекеттик университетинде эмгектенген экономист Эрлан Камалов.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган.

Exit mobile version