Site icon Reporter.kg

Ош — Раззаков жолундагы көпүрө урап, каттам жабылды

Селден улам Ош — Раззаков жолундагы көпүрө урап, каттам жабылды.

ӨКМдин маалыматына караганда, өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу көпчүлүк аймактарда сел келип, калыбына келтирүү иштери уланууда.

«Тазалоо иштери учурунда бүгүн, 30-июнда саат 20:30дар чамасында Ош — Раззаков жолунун 65-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учурады», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ жүргүнчүлөрдү жолго чыкпай турууга чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version