Site icon Reporter.kg

Ош — Сары-Таш – Эркечтам жолунда кар көчкү жүрдү

Ош — Сары-Таш – Эркечтам жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жолдун 166-чакырымында 20-февралга караган түнү саат 02:00до кар көчкү түшкөн. Ал саат 3:15те тазаланып, жолдун бир тилкеси ачылган.

Болжол менен кар көчкүнүн көлөмү 4 миң м3 түзгөн.

Аталган жолдун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар күрткүсү байкалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version