Site icon Reporter.kg

Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунда жер көчүп, жол жабылды (видео)

Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер көчкү 23-августта болжол менен саат 09:00до жүргөн. Анын көлөмү 4 миң куб метрден ашкан

Тазалоо иштерин 4 атайын техника жүргүзүп жатат.

«Бирок азыркы тапта да жер көчкү акырындан жылып жатат. Толук кандуу жумуштар көчкү токтогондо жүрөт», — деп билдирет министрлик.

Болжол менен 23-август кечки саат 18:00дор чамасында жол бир тараптуу ачылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version