Site icon Reporter.kg

Сейитбек уулуна 3 бөлмөлүү, машыктыруучусуна 2 бөлмөлүү батир белекке берилди

Ош шаарынын мэриясы Париждеги Олимпиада оюндарында байгелүү орун алган боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна, грек-рим балбаны Акжол Махмудовго, Олимпиаданын катышуучусу дзюдочу Кубанычбек Айбек уулуна жана алардын машыктыруучуларына сыйлык тапшырды.

Олимп оюндарында бокстан Кыргызстандын тарыхындагы биринчи күмүш байгени уткан Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынан үч бөлмөлүү батир жана 1 млн сом акчалай сыйлык тапшырылды. Анын биринчи машыктыруучусу Турдалы Оморовго 500 миң сом, жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевге эки бөлмөлүү батир жана 500 миң сом берилди.

Коло байгенин ээси болгон балбан Акжол Махмудовго 1 млн сом жана анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 250 миң сом тапшырылды.

Ошондой эле дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 250 миң сом, машыктыруучусу Бакыт Жусуповго 100 миң сом акчалай сыйлык алды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-апрелде Ош шаарында Олимпиадада ийгилик жараткан спортчуларды тосуп алуу аземи өттү.

Exit mobile version