Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин экс-башчысы Саркарбаев үй камагына чыгарылды

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин экс-башчысы Саркарбаев үй камагына чыгарылды

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин мурунку башчысы Кылычбек Саркарбаев үй камагына чыгарылды. Чечимди Ош облустук соту кабыл алды.

Буга чейин шаардык сот Саркарбаевди 2021-жылдын 16-февралына чейин тергөө абагына жиберген.

Кармалган жаран жалпы жарандык паспортту жасалмалоо фактысы боюнча айыпталууда. Саркарбаев уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, көптөгөн кылмыштуу аракеттерди жасоого, анын ичинде эрежесиз эр урушка белгилүү мушкердин катышуусундагы атышууга катышкандыгы белгиленди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>