Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси мезгилсиз дүйнө салды

Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси мезгилсиз дүйнө салды

Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Максатбек Зикиров оорудан улам 56 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу шаардык мэриясынын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, маркум 8-июнда эртең менен ооруканада каза болгон.

Ош шаарынын мэриясы Максатбек Зикировдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>