Site icon Reporter.kg

Ош шаары үчүн Өзбекстандан 100 автобус сатып алынат

Ош шаары үчүн Өзбекстандын Самарканд унаа заводунан 100 автобус сатып алынат. Бул тууралуу Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун сайтында айтылат.

Белгилүү болгондой, аталган фонд Ош шаарынын мэриясы менен каржы лизинги тууралуу макулдашууга кол койгон. Ага ылайык фонд мэрияга 100 заманбап автобус сатып алууга акча бөлөт. Фонддун сайтында автобустар үчүн канча акча берилери айтылган эмес.

 

Exit mobile version