Site icon Reporter.kg

Ош шаарын айланып өтө турган жол быйыл салынат

Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

Ал жыйында айланма жол быйыл салынбай турганын айткан транспорт министринин орун басарынын сөзүн төгүндөп, жолдун курулушу жакында башталарын белгиледи.

«Узундугу 34 чакырымды түзгөн жолдун курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылганы турат. Бардык керектүү техникалар тартылып, тиешелүү ченемдер жасалууда. Февраль айынын башында курулушка байланышкан жер иштери кадимкидей жүргүзүлө баштайт», – деди төрага.

Exit mobile version