Ош шаарына кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Ош шаарына кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Бүгүн, 23-марттан тарта Ош шаарына башка аймактардан келгендердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаардын кире беришиндеги 7 жерге санитардык-карантиндик посттор коюлган. Ал жакта унааларга дезинфекция иштери жүргүзүлүп, айдоочулардын дене табы өлчөнүүдө.

Жергиликтүү тургундарга зарылчылыгы жок шаардан жана үйдөн чыкпоо сунушталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>