Site icon Reporter.kg

Ош шаарында 3 миң окуучу борбордук аянтта “Манас” айтты

Ош шаарында 3 миң окуучу борбордук аянтта “Манас” айтты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн, 24-апрелде Оштун борбордук аянтында мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” аттуу республикалык кароо-сынак өттү.

Бул иш-чара “Манас” эпосун даңазалоо максатында уюштурулган. Сынакка 3 миң окуучу катышып, алар кыргыз жана англис тилдеринде “Манас” айтышты.

Exit mobile version