Site icon Reporter.kg

Ош шаарында балдар ойноочу 200 аянтчанын курулушу башталды

Ош шаарында балдар ойноочу 200 аянтчанын курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

Ага ылайык, Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу жана куруучулар биргеликте шаар тургундарынын кайрылууларына ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн алдына жалпы эки жүз жерге балдар ойноочу аянтчаларын куруу үчүн жер тилкелерин тактап чыгышкан.

Кечээ Анар, Төлөйкөн жана Кулатов кичи райондорунда орнотуу иштери башталса, бүгүн Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жана Төлөйкөн, Учар айылдарында жерлери аныкталып жумуш башталды.

 

 

 

 

Exit mobile version