Ош шаарында батирден чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды

Ош шаарында батирден чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды

Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн батиринен чыккан өрт кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын Кара-Суу көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринин 20 чарчы метр аянты күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган аял киши түтүнгө ууланып каза болгон.

 

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>