Site icon Reporter.kg

Ошто дагы бир жоокер каза болду

Бүгүн, 17-август күнү  ИИМдин Ош шаарындагы №703 аскер бөлүгүндө жоокердин өлүмү катталды.  Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү окуяны угар замат аталган аскер бөлүгүнө барды. Бардык жетекчилик Ош шаардык оорукананын моргунда жүрүшкөндүктөн, моргго барып жолукту.

Аскер бөлүктүн командири жана орун басарларынын айтымында, 17-августта саат 05:00 чамасында аскер бөлүктүн текшерип-өткөрмө пунктунда турган жоокер М. уулу А. ары-бери басып жүрүп жыгылып түшкөн жана ошол боюнча турган эмес. Жанындагы аскерлер,  текшерип-өткөрмө пункттан ары 20-30 метр аралыктагы аскер бөлүгүнүн медициналык пунктуна алып барышканда анын каза болгондугу аныкталган.

Акыйкатчынын өкүлү, соттук-медициналык экспертизанын башчысы Насиров Кылычбек менен жолугуп сүйлөшкөн. Ал аскерди алгачкы кароодо каза болгон аскердин денесинде эч кандай зомбулуктун белгилери жоктугун жана экспертизаны жүргүзүүдө  атасы катышканын билдирди. Соттук-медициналык  биологиялык экспертиза жүргүзүлүп, алдын ала божомол менен анын жүрөк оорудан каза болгондугун жана экспертизанын жыйынтыгы бир айдын ичинде чыга тургандыгын маалымдаган.

Ошондой эле, Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү менен да сүйлөшүү жүргөн. Ал аскердин медициналык картасы жана армияга чакырууга тиешелүү болгон документтери алынгандыгын билдирген.

Аскер бөлүгүнүн командири каза болгон аскер үйүнө кете турганына бир ай эле калгандыгын, 2 күн мурда ата-энеси келип кетишкендигин айткан. Өкүл аскердин ата-энесине да жолугуп, юридикалык жардам берүү сунашталган.

Бул окуя боюнча Акыйкатчынын өкүлү тарабынан чогултулган бардык материалдар Акыйкатчы Атыр Абдрахматова тарабынан  түзүлгөн “Аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы” боюнча мекемелер аралык жумушчу топто иштөө үчүн колдонулат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version