Site icon Reporter.kg

Ош шаарында кинотеатрлар иштеп баштайт

Ош шаарында эртең, 3-декабрдан тарта кинотеатр, интернет клуб, кафе- ресторан жана балдар ойноочу жайлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда калаанын Жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынды.

Уруксат берилген жайларда санитардык талаптар толук сакталышы шарт.

Айта кетсек, уруксат берилген жайларда жарандар аралыкты сактоо менен отургузулуп, зал 50 пайызга гана толтурулушу керек.

Exit mobile version