Site icon Reporter.kg

Ош шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти

Ош шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-апрелде саат 19:30 чамасында Репина көчөсүндө жайгашкан №22 турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метр болгон түрак үй толугу менен күйгөн.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

«Өрт өчүрүүгө Ош шаардык №109 ӨКБдан 1 бөлүм, №12 АӨКБдан 2 бөлүм, №85 ӨКБдан 1 бөлүм, №13 АӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 5 бөлүм, өрттү өчүрүү штабы, башкармалыктын ыкчам тобу жана ККББнын ыкчам топ КБП (ППУ) унаасы менен тартылган. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган», — деп жазылат маалыматта.

Өрт саат 20:20да чектөөгө алынып, саат 00:56да толук өчүрүлгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Exit mobile version