Site icon Reporter.kg

Ош шаарында жоголгон кыз Бишкектен табылды

Бир айга жакын убактыттан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Биринчи Май райондук күзөт кызматкерлери кызды 30-июль күнү «Ала-Тоо» аянтында жүргөн жеринен табышкан. Ал ата-энеси менен урушуп кетип, Бишкек шаарына келе бергенин айткан.

Белгилей кетсек Айтурган 5-июль күнү саат  20:00дө Ош шаарында үйдөн чыгып кетип, кайра келген эмес.

Exit mobile version