Site icon Reporter.kg

Ош шаарындагы башкы балаты 24-декабрда жандырылат

Ош шаарынын борбордук аянтына орнотула турган жаңы-жылдык балаты этностилде жасалгаланууда. Бул тууралуу балатыны жана шаардын борборун көрктөндүрүү милдетин колго алган “Идея дизайн” студиясынын жетекчиси Турар Нурматов билдирди.

“Балатыны кооздодо улуттук оймо-чиймелерга басым жасалууда. Мындан сырткары аянтка муз доорун чагылдырган декорациялык айкелдер орнотулуп жатат. Буюрса балатыны алтын түстө кылып жандырабыз”, — деди ал.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаровдун айтымында балатынын бийиктиги 28 метр болот. Ал эми балтыны жандыруу иш чарысы 24-декабрга белгиленген. 

Exit mobile version