Ош шаарындагы «Весна» кинотеатры 19 сотых жер тилкеси менен биргеликте мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ош облустук прокуратурасы аталган объектинин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткендигин аныктаган. Жыйынтыгында баасы 102 млн сомду түзгөн кинотеатр жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылган.