Site icon Reporter.kg

Ош шаарынын 2022-жылга карата бюджети бекитилди

Бүгүн, 10-февралда Ош шаардык кеңешинин V чакырылышынын сессиясы өттү. Анда Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1 млрд. 600 млн. 510 миң сом деп бекитилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын бюджетине салыштырмалуу 242 млн. 810 миң сомго көп болду. Анын ичинен:

— салыктык кирешелер 1 365 600,0 миң сомду (85,3% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;

— салыктык эмес кирешелер 154 910,0 миң сомду (9,7% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;

— бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 000,0 миң сомду (5,0% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө.

“Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилди:

Exit mobile version